Эгерде сиз график боюнча төлөмдөрдү киргизе албасаңыз — бул тууралуу мүмкүн болушунча тезирээк банкка кабарлаңыз. Бул мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн кесепеттерин азайтууга жардам берет. Балким, сизге кредитти реструктуризациялоо боюнча кайрылуу сунушталат.
Төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткенден кийинки мүмкүн болгон кесепеттер банк менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн.
Төмөндө эң ыктымал кесепеттер сүрөттөлгөн:
- Кредит боюнча мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн банк айып пул эсептейт, анын өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн.
- Эгерде жыл ичинде ипотека боюнча төлөмдөр 3 жолу мөөнөтүнөн кечиктирилсе, банк ипотеканын бүт суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кыла алат. Ошондой эле банк кредитти төлөп берүү үчүн батирди сатуу тууралуу сунуш жөнөтүшү мүмкүн. Эгер макулдашууга келүү мүмкүн болбосо, банк сотко кайрылышы мүмкүн.
- Сотто карыз алуучу күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү сатууну кийинкиге жылдырууну суранууга укуктуу («Ипотека жөнүндө» Мыйзамдын 54-бер.). Эгерде кийинкиге жылдыруу мөөнөтү аяктап, ал эми кредит төлөнбөсө, сот мүлктү ачык соодада сата алат. Кыймылсыз мүлктү саткандан кийин алынган каражаттан сот чыгымдары жана карыз алуучунун банк алдындагы карызы кармалат. Калган каражаттар карыз алуучуга өткөрүлүп берилет.