«Максимумга 120 күн» кредиттик картасы боюнча жеңилдетилген мезгил кандай иштейт?
«Максимумга 120 күн» кредиттик картасы боюнча жеңилдетилген мезгил
4 ай мөөнөткө берилет, мында:
Алгачкы үч ай — бул сиз берилген кредиттик лимиттин эсебинен акча каражаттарын короткон мезгил.
Мында ар бир айдын жыйынтыгы боюнча сиз үчүн минималдуу төлөм түзүлөт,
аны кийинки айдын акыркы жумуш күнүнө чейин төлөө керек.
Төртүнчү ай — бул калган сумманы толук көлөмдө кайтаруу керек болгон ай.
Жеңилдетилген мезгил колдонулбаган операциялардын тизмеси менен шилтеме боюнча тааныша аласыз.
Жыйынтык: жеңилдетилген мезгил күчүндө кала бериши үчүн, ай сайын минималдуу төлөмдөрдү төлөп туруу жана акыркы айда карыздын калган бөлүгүн төлөө зарыл.
Пайызсыз кредиттөө мөөнөтү — бул Банк
карталар боюнча сатып алуулар үчүн пайыздарды эсептебеген мезгил.
Картанын түрүнө жараша, ал 60 күндөн 120 күнгө чейин болушу мүмкүн.
Жеңилдетилген мөөнөт жайылтылган операциялардын тизмеси менен шилтеме боюнча
тааныша аласыз.