Кредиттик карта боюнча карызды кантип жабуу керек?

Качан кредиттик карта боюнча карыз жок болсо, анда эсепке акча салуу милдеттүү эмес. Кредит боюнча карыз пайда болгондо, сиз үчүн оптималдуу болгон төлөө вариантын тандоо керек.

Бир нече вариант бар:

1. Банк алдындагы карызды бир төлөм менен толук жабуу. Муну пайызсыз (жеңилдетилген) мөөнөттүн ичинде да, андан тышкары да жасоого болот. Кандай болгон күндө да, карызды кайтаруунун мындай ыкмасында пайыздарды эсептөө минималдуу болот.

2. Каалаган суммалар менен жабуу, бирок минималдуу төлөмдөн жогору. Мындай ыкмада, эгерде жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде бардык сумманы толугу менен кайтарбасаңыз, пайыздар эсептелерин эстен чыгарбоо маанилүү.

3. Минималдуу төлөм менен жабуу. Мындай вариантта пайыздар боюнча чыгымдар эң жогору болот.

Кредиттик картанын эсебине акча салуу ыкмалары жөнүндө билип алыңыз

Издегениңизди таба алмадыңызбы?

Биз менен байланышып, кызыккан маалыматыңызды ала аласыз.

Москвадан чалуулар үчүн

+7 495 723-77-77

Россия боюнча акысыз

8 (800) 250-57-57