Кредиттик карта кредиттен эмнеси менен айырмаланат?

Жеке кредит менен кредиттик карта окшош, анткени банк кардарга белгилүү бир сумманы жактырат, аны ал, мисалы, сатып алууларга жумшай алат.

Кредиттик картанын негизги артыкчылыгы – бул пайызсыз (жеңилдетилген) кредиттөө мезгилинин болушу, анда сиз банктын акчасын кредиттик лимиттин чегинде пайдаланып, бул үчүн пайыз төлөбөйсүз. Жеке кредит боюнча пайыздар каражаттарды пайдалануунун биринчи күнүнөн тартып эсептелет.

Дагы бир айырмачылыгы — кредиттик карта боюнча киргизилген төлөмдөр кредиттик лимитти кайра калыбына келтирет, жана бул акчалар кайрадан пайдаланууга жеткиликтүү болот. Жеке кредит боюнча төлөмдөр болсо карыздын суммасын гана азайтат, ал эми кредиттик келишимдин мөөнөтү чектелген болот.

Издегениңизди таба алмадыңызбы?

Биз менен байланышып, кызыккан маалыматыңызды ала аласыз.

Москвадан чалуулар үчүн

+7 495 723-77-77

Россия боюнча акысыз

8 (800) 250-57-57