Россия Банкы валюталык эсептерден жана аманаттардан накталай акча берүүнүн жаңы тартибин киргизди. Ал Россиянын бардык банктарына тиешелүү. Жаңы эрежелер 2022-жылдын 9-мартынан тартып күчүнө кирди жана 2024-жылдын 9-сентябрына чейин колдонулат.
Эгер каражаттар сиздин валюталык эсептериңизге 09.03.22 күнү саат 00.00гө чейин (Москва убактысы боюнча) түшкөн болсо, сиз АКШ долларында жана евродо накталай акча ала аласыз, бирок бардык эсептер боюнча жалпысынан 10 000 АКШ долларынан ашпоого тийиш. Эгер эсеп башка валютада ачылган болсо, анда алуу күнү үчүн белгиленген Россия Банкынын курсу боюнча автоматтык конвертация жүргүзүлөт. Эгер эсептер ар башка банктарда ачылган болсо, анда алардын ар биринен 10 000 АКШ долларына чейин ала аласыз. Калган сумманы каражаттарды алуу күнүнө белгиленген Россия Банкынын курсу боюнча орус рублинде ала аласыз.
Эгер каражаттар сиздин валюталык эсептериңизге 09.03.22 күнү саат 00.00дөн (Москва убактысы боюнча) 09.09.22 күнү саат 00.00гө чейин (Москва убактысы боюнча) түшкөн болсо, сиз каражаттарды алуу күнүнө белгиленген Россия Банкынын курсу боюнча орус рублинде накталай ала аласыз.
Эгер каражаттар сиздин валюталык эсептериңизге 09.09.22 күнү саат 00.00дөн кийин (Москва убактысы боюнча) түшкөн болсо, сиз каражаттарды алуу күнүнө белгиленген Банктын курсу боюнча орус рублинде накталай ала аласыз.
Сиз накталай акчаны банк бөлүмдөрүнүн сизге ыңгайлуу болгон каалаган кассасынан ала аласыз.
Рубль менен ачылган аманаттарга жана эсептерге чектөөлөр жок, эсептердеги каражаттар сакталган, бардык операциялар каалаган убакта жеткиликтүү.
Биз менен байланышып, кызыккан маалыматыңызды ала аласыз.
Москвадан чалуулар үчүн
+7 495 723-77-77Россия боюнча акысыз
8 (800) 250-57-57